Адамдын биологиясы жана клиникалык медицина журналы – бул адам биологиясы, клиникалык медицина жана аларга тектеш тармактардагы изилдөөлөрдү жарыялоого арналган ачык жеткиликтеги, рецензиялануучу илимий журнал болуп саналат. Басылма фундаменталдык биологиялык процесстерге, оорулардын өнүгүү механизмдерине жана алардын клиникалык аспектилерине арналган заманбап илимий маалыматтарды чагылдырган аянтча катары кызмат кылуу менен изилдөөчүлөр, адистер ортосунда өз ара тажрыйба жана билим алмашууга өбөлгө түзөт.
Журналдын максаты – адам ден соолугунун биологиялык негиздерине, оорулардын клиникалык көрүнүштөрүнө жана биомедициналык илимдердин заманбап багыттарына арналган илимий изилдөөлөрдүн жана материалдардын жыйынтыктарын жарыялоо менен илимий билимдерди жана эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат. Бул тууралуу кененирээк Максаттар жана көйгөйлөр бөлүмүндө жазылган.
Негиздөөчүлөрү: Ош эл аралык медициналык университети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн медициналык жана биологиялык көйгөйлөрдү илимий изилдөө институту
Негизделген жылы: 2025
Чыгуу жыштыгы: жылына 4 жолу
Басылма тили: Англисче
Башкы редакторлору: Муратов Жанибек Кудайбакович, Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна
Башкы редакторлордун орун басарлары: Джумаев Равшанбек Мамадиевич, Молдалиев Жоомарт Тумакович
Журналдын редакциялык коллегиясына биомедициналык жана клиникалык илимдер тармактарындагы алдыңкы кыргыз окумуштуулары кирет. Редакциялык коллегиянын толук курамы жөнүндө маалымат Редакциалык коллегия бөлүмүндө жайгаштырылган.
Бардык материалдар Creative Commons Attribution 4.0 International Public License лицензиясынын шарттарына ылайык таркатылып, башка колдонуучуларга кол жазманын авторлугун таануу жана ушул журналда биринчи болуп жарыялангандыгын белгилөө аркылуу жайылтуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Журнал жалпы коомдук прогресс үчүн илимий маалыматты эркин жайылтуу жана глобалдык билим алмашуу принциптерин колдогон ачык жеткиликтүүлүк саясатын карманат. Журналдагы материалдардын толук мазмуну колдонуучулар үчүн жеткиликтүү жана акысыз болуп саналат. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат Ачык жеткиликтүүлүк саясаты бөлүмүндө жайгашкан.
Журналдагы илимий макалалардын толук текстин колдонуу мүмкүнчүлүгү Архив бөлүмүндө берилген