Жарыялоо шарттары

Редакциялык коллегия төмөнкү негизги багыттар боюнча оригиналдуу макалаларды кабыл алат:

  • Адамдын фундаменталдык жана колдонмо биологиясы.
  • Адамдын физиологиясы, биохимиясы, генетикасы жана молекулярдык биологиясы.
  • Оорулардын клеткалык жана системалык механизмдери.
  • Клиникалык медицина: дарт аныктоо, дарылоо жана алдын алуу.
  • Клиникалык изилдөөлөр, далилдүү медицина жана дарылоо ыкмалары.
  • Биомедициналык илимдер менен клиникалык практиканын өз ара байланышы.
  • Адамдын ден соолугуна, өнүгүүсүнө жана жашоо аракетине таасир этүүчү факторлор.
  • Заманбап биомедициналык технологиялар.
  • Калк ден соолугунун популяциялык негиздери, клиникалык жана биологиялык мониторинг жүргүзүү.

Кол жазмалар журналга орус, кыргыз же англис тилдеринде берилет. Ар бир макаладагы авторлордун саны бештен ашпашы керек. Кол жазма журналга берилгенден кийин авторлордун тизмесине эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Макалалар электрондук түрдө редакциялык коллегияга journal@humanbiomed.com электрондук почтасы же веб-сайты аркылуу Макаланы тапшыруу бөлүмүнө жөнөтүлүшү керек.

Макалага авторлор жөнүндө үч тилде (кыргыз, орус жана англис) маалымат камтылган өзүнчө файл тиркелиши керек: фамилиясы, аты, атасынын аты, иш аткарылган мекемелердин аталыштары жана почта даректери, ошондой эле байланыш телефондору, электрондук почта даректери, илимий даражасы жана кызматы. Ар бир автордун ORCID идентификациялык номерлери да киргизилиши керек. ORCID номерин түзүү үчүн официалдуу сайтына кайрылса болот.

Файлдардын аталыштары автордун фамилиясына дал келиши зарыл. Мисалы: Асаналиев_Макала, Асаналиев_Информациялар.

Кол жазманын алынган күнү анын редакцияга берилген күнү деп эсептелет. Эгерде ушул көрсөтмөлөргө жооп бербеген кол жазма алынса, редакторлор аны четке кагуу укугун өзүнө калтырат жана авторлорго тиешелүү түрдө кабарлайт.

Макаланын англис тилиндеги тексти (британиялык версиясында) кесипкөй которулган учурда гана кабыл алынат. Онлайн котормо кызматтары (мисалы, Google Translate) аркылуу которулган англис тилиндеги версиялардын тапшырылышы четке кагылат.

Алдын ала даярдоо тууралуу кызмат көрсөтүү боюнча коомдук келишим