Кол жазмаларды рецензиялоо (эксперттик баа берүү) журналдын жогорку илимий жана теориялык деңгээлин камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт. Рецензиялоонун максаты – авторлордун макалаларын басылмага тандоо, сунушталган материалдын сапатын объективдүү баалоо жана анын илимий, адабий жана этикалык стандарттарга шайкеш келүүсүн аныктоо. Бардык рецензенттер объективдүү болууга жана Публикациялык этика бөлүмүнүн жоболоруна ылайык иштөөгө тийиш.
1. «Адамдын биологиясы жана клиникалык медицина журналы» эки тараптуу сокур (анонимдүү) рецензиялоо принциптерин сактайт:
2. Эң алгач, редакцияга келип түшкөн илимий макалалардын Жарыялоо шарттары бөлүмүндөгү талаптарга дал келүүсү аныкталып, автордук укукту текшерүү жана баштапкы редакциялык кароо процесстерин камтыган Жалпы талаптар бөлүмүндөгү шарттарга ылайыктуулугу каралат. Андан соң кийинки – рецензиялоо баскычына өткөрүлөт.
3. Илимий макаланы алгачкы экспертизалоону башкы редактор же анын орун басары жүргүзөт. Башкы редактордун жарыялоого жеке кызыкчылыгы болгон учурда (макаланын автору, авторлошу болсо же авторлор менен туугандык же кесиптик байланышы бар болсо) экспертизаны анын орун басары же кызыкчылыгы жок башка редакция мүчөсү жүргүзөт. Келип түшкөн материалдар журналдын тематикасына дал келиши керек. Журналдын жарыялоо талаптары сакталган учурда, макала техникалык редакторго өткөрүлүп берилет, ал макалага каттоо кодун ыйгарып, андан автор (лор) жөнүндөгү маалыматтарды алып салат.
4. Анонимделген макала электрондук почта аркылуу төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:
Сырттан рецензиялоого макаланын авторлору менен бирдей илимий чөйрөдө адистешкен илимдердин докторлору тартылат. Редакциянын атынан мындай окумуштууга рецензиялоо өтүнүчү менен кат жөнөтүлөт. Катка автордун аты-жөнү көрсөтүлбөгөн макала жана рецензиянын стандарттык формасы тиркелет. Рецензенттер автор менен бир мекемеде иштебеши керек жана кызыкчылыктардын кагылышы болбошу керек.
5. Илимий макалаларды рецензиялоо процессинде рецензенттер төмөнкү маселелерди карайт:
6. Рецензенттер типтүү рецензия формаларын толтуруп, төмөнкү варианттардын бирин тандайт:
Рецензенттер макаланы четке кагуу же кайра карап чыгуу сыяктуу сунуштарды беришкен учурда, алар ал чечимдин себептерин жазуу жүзүндө, жүйөлүү түшүндүрмө менен негиздеп берүүгө милдеттүү. Рецензенттер тарабынан кадимки же электрондук формада кол коюулган рецензиялар макала жарыяланган күндөн тартып үч жыл бою журналдын редакциясында сакталат.
7. Редакциялык коллегиянын чечими авторлорго жөнөтүлөт. Толуктоону талап кылчу макалалар рецензенттердин аты-жөнү жок рецензиянын тексти менен бирге жөнөтүлөт. Макаланын оңдолгон варианты кайра карап чыгууга жөнөтүлөт, анын жүрүшүндө рецензенттер кошумча түзөтүүлөрдү киргизүүнү суранышы мүмкүн. Текшерүүчүлөр макаланын кабыл алынышына кепилдик бербейт жана эгерде рецензенттер өзгөртүүлөрдү канааттандырарлык эмес деп тапса, анда макала четке кагылат.
8. Башкы редактор рецензенттердин сын-пикирлерин талдайт жана алардын негизинде бардык сунуштарды, аргументтерди жана журналдын шайкештигин эске алуу менен жарыялоо боюнча акыркы чечимди кабыл алат. Башкы редактор өзү, үй-бүлө мүчөлөрү же кесиптештери жазган макалалар, ошондой эле жыйынтыгында пайдалуу буюмга ээ болуу же ага кызмат көрсөтүлүүсү сыяктуу жеке кызыкчылыгы менен байланышкан материалдар боюнча чечим кабыл алууга катышпайт. Мындай документтердин бардыгы редактордун же анын изилдөө тобунун катышуусуз көз карандысыз рецензиядан өтөт. Бул макалалар боюнча акыркы чечимди башкы редактордун орун басары кабыл алат.
Эксперттик баалоонун стандарттык мөөнөтү: 2-4 апта аралыгы
Биринчи чечимдин орточо убактысы: 4-8 апта аралыгы
РЕЦЕНЗИЯНЫН СТАНДАРТТЫК ФОРМАСЫ