«Адамдын биологиясы жана клиникалык медицина журналы» – адамдын ден-соолугунун биологиялык негиздерин, оорулардын механизмдерин жана алардын клиникалык көрүнүштөрүн изилдөөгө багытталган илимий басылма. Журнал фундаменталдык биологиялык ыкмаларды жана клиникалык медицинаны бириктирип, биологиялык процесстер менен организмдин абалынын ортосундагы байланыштарды нормалдуу шартта да, патологиялык абалдарда да ачып берген изилдөөлөргө өзгөчө көңүл бурат
Журналдын миссиясы: медициналык жана биологиялык көйгөйлөргө көңүл буруу жана бул тармакта маалымат алмашууну өнүктүрүү
Негизги багыттары:
- Адамдын фундаменталдык жана колдонмо биологиясы: адамдын жашоо аракетинин негизги процесстерин, клеткалардын, ткандардын жана органдардын түзүлүшү менен функцияларын изилдөө, ошондой эле медициналык маселелерди чечүүдө биологиялык билимдерди колдонуу.
- Адамдын физиологиясы, биохимиясы, генетикасы жана молекулярдык биологиясы: органдар менен системалардын иштеши, зат алмашуу процесстери, ден соолуктун жана оорулардын генетикалык механизмдери, ошондой эле клетканын жашоосун жөнгө салган молекулярдык процесстер тууралуу. изилдөөлөр.
- Оорулардын клеткалык жана системалык механизмдери: патологиялык процесстердин пайда болуу себептерин жана өнүгүшүн клеткалык, органдык жана организмдин системалары деңгээлинде изилдөө, оорулардын келип чыгышынын биологиялык негиздерин аныктоо.
- Клиникалык медицина: дарт аныктоо, дарылоо жана алдын алуу: ооруларды аныктоонун заманбап ыкмалары, бейтаптарды клиникалык шартта кароо, дарылоо ыкмаларынын натыйжалуулугу жана ооруну алдын алуунун табигый негиздери тууралуу макалалар.
- Клиникалык изилдөөлөр, далилдүү медицина жана дарылоо ыкмалары: клиникалык сыноолор, дарылоо стратегияларын салыштыруу, дарылоо ыкмаларынын эффективдүүлүгү жана далилдүү медицинанын принциптерин колдонуу боюнча изилдөөлөр.
- Биомедициналык илимдер менен клиникалык практиканын өз ара байланышы: биологиялык процесстерди клиникалык байкоолор менен байланыштырган изилдөөлөр, теориялык билимдерди окуу-лабораториялык шарттан практикалык медицинага трансляциялоо.
- Адамдын ден соолугуна, өнүгүүсүнө жана жашоо аракетине таасир этүүчү факторлор: ден соолуктун абалын жана адамдын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн аныктаган биологиялык, физиологиялык, генетикалык жана айлана-чөйрө факторлорун талдоо.
- Заманбап биомедициналык технологиялар: дарт аныктоонун лабораториялык жаңы ыкмалары, биоинженерия, молекулярдык технологиялар, клиникалык инновациялар жана организмдин абалын баалоо инструменттери жөнүндөгү материалдар.
- Калк ден соолугунун биологиялык негиздери, клиникалык жана биологиялык мониторинг жүргүзүү: калктын ден соолугунун биологиялык жана клиникалык көрсөткүчтөрүн изилдөө, тобокел факторлорун, бузулуулардын жайылуусун жана айлана-чөйрөнүн популяциалык деңгээлде тийгизген таасирлерине мониторинг жүргүзүү.