Жарыялоо этикасы

«Адамдын биологиясы жана клиникалык медицина журналы» илимий журналынын редакциялык коллегиясы өз ишинде адептүүлүк, ак ниеттүүлүк, купуялуулук, басылмаларды көзөмөлдөө, мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышын эске алуу ж.б. камтыган илимий басылмалардын эл аралык этикалык эрежелерин жетекчиликке алат. Редакция өз ишмердүүлүгүндө Committee on Publication Ethics тин жана, атап айтканда, Elsevier басмасынын Publishing Ethics Resource Kit сунуштарын эске алат.

Журналдын редакциялык коллегиясы жарыялоо этикасын колдоо боюнча төмөнкү эрежелерди карманат:

  • журналды түзүүгө катышкан чыгармачыл процесстин бардык субъектилерине шартсыз ишенимдүүлүк көрсөтүү;
  • кош тараптуу сокур рецензиялоо ыкмасын колдонуу жана ишке адилеттүү, компетенттүү рецензенттерди тартуу;
  • жарыялоо үчүн берилүүчү материалдардын таризделишине жана мазмунуна карата эл аралык маалыматтар базасынын талаптарын аткарууга багытталган авторлор менен туруктуу консультациялык иштерди жүргүзүү.

Маалыматтарды алмашуу саясаты

Журнал илимий изилдөөлөрдүн ачыктык жана тактык принциптерин колдойт, ошол эле учурда авторлордун укуктарын коргоп, этикалык нормаларды сактайт.

Журнал жарыяланган натыйжалардын негизиндеги маалыматтар редакция аркылуу расмий суроо-талап менен гана жеткиликтүү болушу мүмкүн экендигин белгилейт. Маалыматтарды берүү изилдөөнүн авторунун (-лорунун) макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

Маалыматтарга жеткиликтүү болуу үчүн, кызыктар тарап журналдын редакциясына маалыматтарды колдонуу максатын көрсөтүп суроо-талап жөнөтүшү керек. Редакция бул суроо-талапты авторго (-лорго) карап чыгуу үчүн жиберет. Эгер автор макул болсо, редакция өтүнүч менен кайрылган тарапка кийинки кадамдар жөнүндө маалымдайт, анын ичинде купуялуулук боюнча келишимге кол коюу жана маалыматтарды колдонууда этикалык принциптерди сактоо милдеттенмелери көрсөтүлөт.

Редакция авторлорду маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыздоого мажбурлай албайт жана купуялуулукка, укуктук же этикалык аспекттерге байланыштуу чектөөлөрдү эске алат. Эгер автор (-лор) макул болбосо, редакция өтүнүч менен кайрылган тарапка бул жөнүндө маалымдайт.

Журнал базасындагы жарыяланган маалыматтарга болгон бардык суроо-талаптар расмий электрондук почтасы аркылуу жөнөтүлүшү зарыл. Ишибизге болгон мындай мамиле автордук укуктарды коргоого жана илимий маалыматтарды пайдалануунун этикалык эрежелердин сактоого мүмкүндүк берет. Бул башкаруу процессинин адилеттүүлүгүнө кепилдик берет.

Жарыялоо боюнча чечимдерди кабыл алуу

Редактор берилген макалаларды жарыялоо боюнча чечимди кабыл алат. Ал академиялык баалуулукка жана рецензенттердин тыянактарына гана негизделген журналдын саясатына баш ийет.

Редактор жалааларга, автордук укуктун бузулууларына жана плагиатка байланыштуу эрежелерди сактайт. Редактор автордун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жарыяланбаган маалыматтарды өз изилдөөлөрүндө колдонбоого тийиш.

Редактор берилген кол жазмаларга байланыштуу этикалык дооматтарды кароо боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууга милдеттүү. Ошондой эле, редактор макалалардын интеллектуалдык мазмунун авторлордун расасынан, жынысынан, сексуалдык багытынан, дининен, тегинен, жарандык же саясий артыкчылыктарынан көз карандысыз баалайт.

Купуялуулук

Редактор жана редакциялык коллегия берилген кол жазмаларга (авторлор, темалар, тексттер ж.б.) байланыштуу маалыматтарды ачыкка чыгарбайт. Рецензиялоо үчүн алынган ар бир кол жазма купуя документ катары каралат. Редактор жана редакциялык коллегия авторлорду, рецензенттерди, башка илимий консультанттарды жана басып чыгаруучуну (издатель) эске албаганда, кабыл алынган кол жазмалар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоо милдетин алышат.

Кызыкчылыктардын кагылышын чечүү

Жарыяланбаган материалдар редактор, рецензенттер же башка адамдар тарабынан авторлордун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз колдонулбашы керек.

Редакторлор, рецензенттер жана илимий консультанттар кол жазмага байланыштуу авторлор, компаниялар же башка уюмдар менен атаандаштык, кызматташтык же башка байланыштардан улам кызыкчылыктардын кагылышы болгондо кол жазмаларды кароодон баш тартууга милдеттүү.

Редакциялык коллегия кол жазмаларга же жарыяланган материалдарга байланыштуу конфликттик учурлар жана дооматтар пайда болгондо тиешелүү маселелерди чечүүгө милдеттүү.

«Адамдын биологиясы жана клиникалык медицина журналы» журналынын редакциясы окурмандар, рецензенттер же башкалар тарабынан изилдөөлөргө же басылмаларга байланыштуу сунушталган туура эмес иш-аракеттер же күмөн саноолор боюнча суроолорду чече алат. Мындан тышкары, басмакана окурмандарга конфликттик жагдайлардын чечилиши тууралуу маалымат берүү укугун өзүнө калтырат.

Жарыялангандан кийин талкуу жүргүзүү саясаты

Биздин журнал жарыяланган изилдөөлөр боюнча ачык жана конструктивдүү талкууларды баалайт. Муну колдоо максатында, окурмандарды жана авторлорду биздин макалаларды жарыялангандан кийинки комментарийлер үчүн авторитеттүү болуп саналган PubPeer платформасында талкуулоого катышууга чакырабыз.

Журналда жарыяланган бардык макалалар автоматтык түрдө DOI менен индекстелет, бул аларга жеткиликтүүлүктү жана PubPeer платформасында талкуулоону жеңилдетет. Талкуулар кесиптик деңгээлде болушу керек, изилдөөнүн мазмунуна багытталышы зарыл жана жогорку этикалык стандарттарга ылайык келиши керек.

PubPeer платформасында макалага байланыштуу айтылган бардык негиздүү тынчсыздануулар журналдын этикалык нормаларына жана макалаларды кайтарып алуу саясатына ылайык иликтенет. PubPeer менен кызматташтык тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн алардын платформасын https://pubpeer.com/ дарегинен карасаңыз болот.

Биздин журнал жарыялангандан кийин ачык жана сый-урматка негизделген диалог жүргүзүү маданиятын өнүктүрүүгө умтулат.

Адамдар катышкан изилдөөлөр

Адамдар катышкан изилдөөлөрдө, адам материалдарын, ткандарын же персоналдык маалыматтарды колдонууда, изилдөөнүн Хельсинки декларациясына (1975-жыл, 2013-жылдагы өзгөртүүлөр менен) ылайык жүргүзүлгөнүн авторлор көрсөтүшү керек. Изилдөөнү баштоодон мурун, изилдөөнүн улуттук жана эл аралык стандарттарга шайкештигин ырастаган жергиликтүү институционалдык кароо кеңешинен (IRB) же башка тиешелүү этика комитетинен уруксат алынышы керек.

Адамдар катышкан изилдөөлөр ал жүргүзүлүп жаткан мекеме(лер) менен байланышкан тиешелүү этика комитеттери тарабынан бекитилиши керек. Сурамжылоолордун же интервьюлардын жыйынтыктарын камтыган кол жазма респонденттердин ыктыярдуу катышканын, алардын жазуу түрүндөгү маалымданган макулдугу алынганын (жыйынтыктарды жарыялоо макулдугу менен) жана купуялуулук, анонимдүүлүк, дискриминация же кысымдын бардык түрлөрүнүн болбоосун камсыз кылганын көрсөтүшү зарыл. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн этикалуулугу адекваттуу негизделиши жана мүмкүн болсо, эл аралык профессионалдык стандарттар жана кодекстерге шилтеме менен бекитилиши керек, алардын ичинде: Америкалык социология ассоциациясынын этикалык Кодекси (1997), базардык, коомдук жана социалдык изилдөөлөр жана ICC/ESOMAR маалыматтарды талдоо эл аралык Кодекси  (2025), ошондой эле Европалык комиссиянын этика маселелери жана маалыматты коргоо боюнча колдонмосу (2021) бар.

Изилдөөлөрдө жаныбарларды колдонуунун этикалык аспектилери

Журналдын редакциясы жаныбарлардын катышуусу менен эксперименттерди сүрөттөө, чечмелөө боюнча ARRIVE сунуштарын колдойт. Авторлор жана рецензенттер ARRIVE сунуштарын текшерүү тизмеси катары колдонушу керек. Редакторлор толтурулган тизмени сурап алууга, талапка жооп бербеген макалаларды четке кагууга, ошондой эле этикалык себептердин негизинде же илимий баалуулукка методдордун шайкеш эместигинен улам материалдарды четке кагууга укуктуу.

Кошумча сунуштарды алуу үчүн авторлор тиешелүү жөнгө салуучу органдар тарабынан жарыяланган ARRIVилимий максатта колдонулган же багылган жаныбарларды кармоо жана кам көрүү эрежелеринин Кодексине, ошондой эле Америкалык лабораттриялык жаныбарлар ассоциациясынын Европалык жаныбарларды изилдөө ассоциациясынын документтерине кайрылышы керек.

Редакциялык кеңештин милдеттери

  • авторго жана анын илимий багытына сый-урмат менен жана адептүү мамиле кылуу, редакциялык сырдуулукту сактоо, материалдарды иштетүүдө мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө;
  • автордун текстин өз алдынча оңдобоо, редактордук өзгөртүүлөрдөн кийин тексттин акыркы вариантын автор менен макулдашуу;
  • илимий баалуулугу жок, журналдын тематикасына туура келбеген, редакциялык саясатка каршы келген, плагиатты камтыган же мурда башка басылмаларда жарыяланган материалдарды жарыялоого жол бербөө;
  • объективдүү жана компетенттүү рецензенттерди тартуу, эки тараптуу (сокур) рецензиялоо практикасын колдонуу.
​Рецензенттердин милдеттери
  • бардык кол жазмаларды алдын ала пикирсиз карап чыгуу;
  • редакция тарабынан белгиленген рецензиялоо мөөнөтүн сактоо;
  • рецензиялоо үчүн берилген кол жазманы купуя документ катары карап, аны башка адамдарга көргөзбөө; жазылган рецензиялар купуялуулук мүнөзгө ээ болушу керек;
  • кол жазманын маалыматтарын колдонбоо; изилдөөнүн жыйынтыктарына объективдүү, негиздүү жана туура баа берүү.
Рецензенттер авторду идентификациясына байланыштуу кызыкчылыктардын кагылышын тапкан учурда дароо редакциялык коллегияга кабарлоого тийиш. Эгер рецензиялануучу макала рецензенттин экспертизасынын тармагына туура келбесе, алар бул тууралуу дароо редакциялык коллегияга кабарлоосу зарыл.
Рецензенттер ар кандай шектүү илимий адилетсиздик же башка этикалык принциптердин бузулушу тууралуу учурлар байкалганда алар жөнүндө редакциялык коллегияга кабарлоого милдеттүү болушат.

Макалалардын авторлорунун милдеттери

  • изилдөөнүн натыйжаларынын жаңылыгын, аныктыгын жана оригиналдуулугун камсыз кылуу;
  • башка авторлордун бардык материалдарын баштапкы булактарды так көрсөтүү менен жасалгалоо;
  • кандайдыр бир формалардагы ашыкча көчүрмөлөргө жана плагиатка жол бербөө;
  • макаланын эксклюзивдүү материал экенин, мурда жарыяланбаганын жана башка басылмага сунушталбаганын кепилдөө.

​​«Адамдын биологиясы жана клиникалык медицина журналы» журналына жарыялоо үчүн материалдарды тапшыруу менен, авторлор жарыялоого кабыл алынган учурда, материалдарды электрондук маалымат базаларына автордук укукту милдеттүү түрдө көрсөтүү жана толук автордук укукту сактоо менен жайгаштырууга макул болушат. Текстте тышкы маалымат булактары – адабияттардын тизмеси түрүндө (авторлордун мурда жарыяланган жеке эмгектерин камтуу менен) көрсөтүлүшү керек. Авторлор көчүрмөлөрдү цитата же шилтеме түрүндө туура көрсөтүүгө милдеттүү.

Эгер автор макалада олуттуу каталарды же так эмес маалыматтарды тапса, журналдын редакторуна кабарлап, тез арада оңдоо үчүн кызматташуусу керек.

Эгер редактор макалада олуттуу ката бар экендиги тууралуу үчүнчү жак аркылуу маалымат алса, автор макаланы алып салууга же мүмкүн болгон эң кыска мөөнөттө каталарды оңдоого милдеттүү.

Автордук укук тууралуу билдирүү

«Адамдын биологиясы жана клиникалык медицина журналы» журналынын редакциялык коллегиясы бардык авторлор макаланын мазмуну менен макул экенин, аны жарыялоого ачык макулдук бергенин жана сунуштардан мурун иш аткарылган институттагы/мекемедеги жооптуу адамдардан макулдук алганын болжолдойт.

Табыштамада көрсөтүлгөн бардык авторлор төмөнкүлөрдү билдиришет:

  • иштин концепциясына же дизайнына, же маалыматтарды чогултууга, талдоого же чечмелөөгө олуттуу салым кошкондугун;
  • изилдөө материалын даярдагандыгын же маанилүү интеллектуалдык мазмун үчүн сын көз караш менен кайра карап чыккандыгын;
  • жарыялана турган версияны бекиткендигин;
  • иштин бардык аспектилери үчүн жоопкерчиликтүү болууга макул экенин, иштин кайсы бир бөлүгүнүн тактыгына же бүтүндүгүнө байланыштуу суроолор тийиштүү түрдө изилденип жана чечилишин камсыз кылгандыгын.
​«Адамдын биологиясы жана клиникалык медицина журналы» журналынын редакциялык коллегиясы изилдөө жүргүзүлүп жаткан жериндеги кесиптештер менен кызматташууну кубаттайт жана жогоруда баяндалган бардык автордук критерийлерге жооп берсе, алардын авторлош катары кошулушун күтөт. Бардык автордук критерийлерге жооп бербеген авторлоштор «Ыраазычылык билдирүү» бөлүмүндө көрсөтүлүшү керек.

Сунуштоо жөнүндө декларация

Бул эмгек мурда жарыяланган эмес, башка жерде жарыялоо каралып жаткан эмес жана изилдөө жүргүзүлгөн бардык авторлор жана жооптуу органдар тарабынан жарыялоого бекитилген. Эгерде кабыл алынса, ал башка жерде ошол эле формада, англис тилинде же башка тилде жарыяланбайт.

Жарнамалык саясат

Бул журнал эч кандай формадагы жарнаманы кабыл албайт. Биздин каржылык моделибиз толук редакциялык көз карандысыздыкты жана академиялык чынчылдыктын эң жогорку стандарттарын колдоо үчүн иштелип чыккан.

Изилдөөлөрдү каржылоо саясаты

«Адамдын биологиясы жана клиникалык медицина журналы» журналы изилдөөнү каржылоо булактарында максималдуу ачыктыкка умтулат. Бардык авторлор өз макаласында көрсөтүлгөн изилдөөнү каржылоо булактарын, анын ичинде төмөнкүлөрдү жарыялоого милдеттүү:

  • илимий мекемелерден же фонддордон алынган гранттар;
  • мамлекеттик же мамлекеттик эмес уюмдардан алынган каражаттар;
  • коммерциялык же жеке колдоо булактары; 
  • университеттерден, клиникалардан же башка уюмдардан алынган ички каржылоо.

​Эгерде каржылык колдоо жок болсо, «Жок» деп белгилөө керек.